Бестселлер китеби “Сапиенс. Адамзаттын кыскача тарыхы” кыргыз тилинде К.Баялинов атындагы Республикалык китепканада биринчи жолу көрсөтүү.

28-мартта К.Баялинов атындагы республикалык китепканада мектеп мугалимдери үчүн “Сапиенс. Адамзаттын кыскача тарыхы” китебинин бет ачары болду. Бул китеп №1 эл аралык бестселлер болуп саналат, анда биология, тарых жана башка илимдер адамды аныктоо жолдорун изилдеп, анын «адам» деген эмнени билдирерин түшүнүүсүн кеңейтет. Китептин автору профессор Ювал Ноа Харари, тарыхчы жана философ. Анын китептери 65 тилде 45 миллиондон ашык нускада сатылган. Ал биздин доордун эң таасирдүү коомдук ишмерлеринин бири болуп эсептелет.

“Өспүрүмдөр жана чоңдор үчүн кыргыз тилиндеги илимий китептер дээрлик жок. Сапиенс дүйнөлүк бестселлер катары адамзаттын тарыхын камтыйт. Китепте илимдин, техниканын өнүгүшү жана башка көптөгөн темалар боюнча маалымат берилип, ар кандай суроолорго жооп берилет. Биз китептерди республиканын бардык аймактарындагы китепканаларга жөнөттүк, болгону беш миңге жакын нуска.Китептерди мугалимдер мектеп программасында колдоно алышат.Жада калса аймактардын эң алыскы айылдарында да китеп окууга мүмкүнчүлүк бар, анткени Ошондой эле https://bilimbulagy.org билим берүү сайтында онлайн режиминде жеткиликтүү», – деп бөлүштү Нелля Жаманбаева, Потенциалды өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору.

Китептин бет ачары Бишкекте өткөндөн кийин облустардагы, Ош, Талас, Каракол жана Нарын шаарларындагы мугалимдерге тартууланмакчы. Кыргыз тилине которулган китеп АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин китеп котормо программасынын алкагында жарык көрдү.