4-мартта К.Баялинов атындагы Республикалык китепканада кенже класстардын окуучулары үчүн “Жер менен баарлашкан бала” аттуу китептин бетачары орун алды. Китепканада 60ка жакын кенже класстардын мектеп окуучулары чогулду.

Америкалык фотограф Крис Буркарддын китеби “Балдарга арналган, иллюстрациялуу китеп” категориясында Көз карандысыз китеп басып чыгаруучулардын сыйлыгына (бардык жаш-курактагы балдар үчүн) (Independent Publisher Book Award for Children’s Picture Books (All ages))” татыктуу деп табылды. Иллюстрациялар “Disney Interactive” студиясынын сүрөтчүсү Дэвид Макклеллан тарабынан тартылган. 

“Жер менен баарлашкан бала” – бир баланын Жерден бакытты кайдан, кантип тапса болорун сураганы жөнүндө сөз кылган аңгеме. Жер балага жооп берип, аны өзү эң сыймыктанган, жаратылыштын кооздугу көз жоосун алган жерлерге саякатка жиберет. Жыйынтыгында бала бакытты издеп табуу өзүнүн оюндагысына караганда алда канча татаал иш экенин билип калат.

Нэлля Жаманбаева, Фонддун аткаруучу директору: “Бүгүнкү күндө кыргыз тилинде адабияттардын саны өтө аз болгондуктан, кичинекей окурмандарда бул чыгарманы кыргыз тилинде окуу мүмкүнчүлүгү болсун деген максат менен, бул китеп Кыргызстандын балдары үчүн кыргыз тилинде да басып чыгарылды. Бул китеп, балдарда эң кичине кезинен баштап китеп окуу маданиятын өнүктүрө алуучу китептердин бири болуп эсептелет. Ошол эле учурда, бул китепти англис тилинде да окуу мүмкүнчүлүгү бар, мындайча чет тилин үйрөнүүдө да жардамчы боло алат. Биз жалпы нускасы 5000 даана китепти өлкөнүн бардык аймактарындагы китепканаларына жибердик. Андан ары биздин китептер аймактардагы мектеп, коомдук жана балдар китепканаларына бөлүштүрүлүп өткөрүлмөкчү. Эң алыскы айылдарда да бул китептин бир нускасын алып окуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп берилди”.

Кыргыз Республикасында АКШнын Элчиси, Дональд Лу өзүнүн бала кезиндеги эң жакшы көргөн китептери жөнүндөгү эскерүүлөрүн балдар менен бөлүшүп, Кыргызстандын жаратылышынын кооздугу жана аны көздүн карегиндей сактоо канчалык маанилүү экендигин баса белгиледи. Ал балдар өлкөнүн келечеги экенин, айлана-чөйрөгө, жаратылышка аяр мамиле кылуу керектигин айтты. Андан кийин окуучулар экология темасында даярдап келген презентацияларын көрсөтүшүп, аларды бул маселе боюнча кабатыр кылып жаткан ойлорун да бөлүшүштү. Даярдалган материалдарды кызыктуу кылып айтып бергенден кийин, балдарга китеп окуп берилди. Алар кунт коюп угушуп, китептин кооз сүрөттөрдү карап чыгышты. Китептеги көптөгөн пейзаждар Кыргызстандын жаратылышын элестетет. Окуудан кийин балдар бул китептен алган таасирлерин сүрөт түрүндө тартып көрсөтүштү.

Китеп Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин “Китептерди которуу” программасынын алкагында басып чыгарылды. Басмаканалык демилгелерди колдоо аркылуу маданият жана билим берүү тармактарын өнүктүрүү бул программанын максаты болуп саналат.